Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 16-7
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Он Эки Бел айылдык кеңешинин экономика бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 28-январь айындагы заседаниесинин протоколун угуп жана талкуулап Он Эки Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык кеңешинин экономика бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 28 - январь айындагы өткөрүлгөн заседаниесинин чечими колдоого алынып кошумча түшкөн киреше 229141 сомго аткарыла турган жумуштарга кошумча смета түзүлсүн. (смета тиркелет)
2. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн кирешеге кошумча план тактоого алынсын.
3. Кошумча кирешелерден түшкөн 229141 сом айыл өкмөтүнүн жетекчилиги берген сметага негиз аткарууга алуу макулдук берилсин.
4. Сметага негиз айыл өкмөтүнүн керектүү иштерине иштетүүдө анын мыйзамдулугун кароо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Пармановага тапшырылсын.
5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Он Эки Бел айылдык кеңешинин экономика бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |