ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он Эки Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 31-январы № 16-11
Он Эки Бел айыл аймагындагы Кызыл- Дөбө орто мектебине тиешелүү жер аянтына ФАП куруу жөнүндө
Он Эки Бел айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги Кызыл- Дөбө орто мектебине тиешелүү жер аянтына ФАП куруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси И. Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги Кызыл-Дөбө орто мектебине тиешелүү жер аянтынын ичинен ФАП куруу үчүн 0,06 га жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтына керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |