ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он Эки Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 31-январы № 16-12
Он Эки Бел айыл аймагынын Найман бөлүмүндөгү муниципалдык жер аянтына спорт зал куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл аймагынын Найман бөлүмүндөгү муниципалдык жер аянтына спорт зал куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси И. Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагынын Найман бөлүмүндөгү муниципалдык жер аянтына спорт зал куруу үчүн 0,015 га жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтына керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |