Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 3-8
Он Эки Бел айылдык кеңеши тарабынан
кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик
тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип 2013- жылдн 1мартында мыйзам күчүнө киргендигинин «»Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26- беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык ьтиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди ,билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилге гана кабыл лынышына жол берген деп көрсөтүлгөндүгүнөө негиз жөгөрүдагы маселени угуп жана талкуулап чыгып депутаттардын Он Эки Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын баары мамлекеттик тилди билгенедиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармлыгы аркылуу Кыргыз Республикаснын юстиция министирлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Турсункулов |