Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-апрели № 4-1
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жана “Арууке-пери” балдар бакчасын уюштуруу үчүн проекттеги жалпы сумманын он пайызын жергиликтүү бюджетинин кошумча булактарынын эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки Бел айылынын 2009-жылдын 2-мартындагы айылдык жамааттын жыйынын балдар бакчасын уюштуруу үчүн К.Асранов атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтында жайгашкан № 2 окуу корпусун балдар бакчасы үчүн пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндогү протоколун бекитип берүү жана уюштуруучу Он Эки Бел айылынын тургуну Абдыкаимова Бузайнаптин арызын жана
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2012- жылдын 11-февралындагы № 21 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25,32,68,- беренелеринин негизинде Он Эки Бел айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык округунун 2012-жылдын 11-февралындагы № 21 токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки Бел айылынын К.Асранов атындагы орто мектебинин окуу имаратынын № 2 корпусунун максаттуу багыты балдар бакчасын уюштуруу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Балдар бакчасын уюштуруу үчүн керектуу юридикалык иш-кагаздарын даярдап каттоодон өткөрүү жагы уюштуруучу Б. Абдыкаимовага милдеттендирилсин.
4. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн эсебиндеги “Аруук-пери” балдар бакчасын уюштуруу үчүн берилген имараттын капиталдык ремонтуна керектелүүчү каражаттарга түзүлгөн проектте корсотулгон 2157553 сомдун 10 пайызы 220,.000 сому айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча булактарынан тушкон акча каражатынын эсебинен болунуп берилсин, Каржы министрлигинин түрткү берүүчү грантынын эсебинен балдар бакчасын капиталдык ремонтоо үчүн 1 937 533 сом бөлүнүп берилишин суранабыз.
5. Токтомдун аткарылышы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу К.Осмоновго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Турсункулов |