Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-апрели № 4-2
“Исфайрам-Тактек» каналынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
« Исфайрам-Тактек» каналынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгышып , эгерде бул канал ишке ашып курула турган болсо , айыл өкмөтүнүн коптогон кайрак айдоо жерлери сугат жерлерине айланып , жалпы дыйкандардын сугат сууга болгон муктаждыктары канаатандырылып калаары эске алынып , айылдык кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен « Исфайрам-Тактек» каналынын курулушу үчүн долбоорлорду даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин эсебинен 20.0 ( жыйырма мин сом) акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ К.Пармановага тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновго тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Турсункулов |