Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-июну № 6-4
Он Эки Бел айылдык округунун Он Эки Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги эски спорт аянтчасы, ошондой эле эски селкананы турак жай куруу үчүн трансформациялоо жөнүндө
Он Эки Бел айылдык округунун Он Эки Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги эски спорт аянтчасы, ошондой эле эски селкананы турак жай куруу учун трансформациялоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Он Эки Бел айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык округунун Он Эки Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги эски спорт аянтчасы, ошондой эле эски селкананы турак жай куруу учун трансформациялоо ( которуу) боюнча айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Мийзамов |