Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-сентябры № 7-1
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновдун 2013-жылдын
жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө
Он Эки Бел айыл окмотунун башчысы К.Осмоновдун 2013-жылдын жарым жылдыгында аткарган иштери жонундогу маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып сессия томондогудой
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл окмотундо 2013-жылдын жарым жылында айыл окмотунун башчысы К.Осмоновдун жургузугон иштери канаатандырарлык эмес деп табылды.
Макул 4 депутат
Каршы 4 депутат
2. Добуш беруунун жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу озун-озу башкаруунун мыйзамынын 48- беренсинин негизинде депутаттардын жалпы санынын копчулук добушуна ээ боло албагандыктан айыл окмотунун башчысынын 2013-жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери берген отчету канаатандырарлык эмес деп табылсын.
3. Сессиянын аягына чейин маселелерди кароого узгултукко учураткандыгы учун депутат М.Мойдинов, М.Мийзамов.К.Анапияева Д.Кантовдорго Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамын одоно бузгандыгы учун атайын билдируу берилсин.
4. Он Эки Бел айылдык кеңеши тарабынан 2013-жылдын учунчу сессиясында бекитилген бюджеттен кээ бир статьяларын бузгандыгы учун атайын калыстык менен комиссия тузуп карап беруу жагы Ноокат райондук жерггиликтуу кенештеринин кошмо жыйынынын президиумунан суралсын.
5. Он Эки Бел айыл окмотунун башчысы К.Осмоновдун 2013-жылдын 14-сентябрында айылдык кеңешинин депутаттарынын алдында берген отчету канаатандырарлык эмес деп табылгандыгына байланыштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Айтиев Бекболот Баратовичтен кызмат абалын карап беруу жагы суралсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |