Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 8-2
Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде бекитилген бюджетинин
аткарылышы жана 2014 –жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенешинин сессиясы Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014 –жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комиттетинин 2013- жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча аткарылышы 210600 сомго бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын(№1- тиркеме).
2. Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комиттетинин 2014- жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүү аткарылышы 240000 сомго бекитилсин.
3. Жайыт төлөмдөрү төмөнгүдөй бекитилсин
А) Ири мүйүздүү мал 1 башка-170 сом.
Б) Жылкыга бир башка-170 сом.
В) Кой-эчкилерге 1 башка-34 сом
Г) Бир яшик бал челекке-30сом
Д) Отун пулу 1 кожолукка -600 сом
Ж) Картошка жана бак-дарактарга 1 га-5000 сом.
Е) Чөп оруучу жайга 1 га-1000 сом
4. Жайыт төлөмдөрүн чогултууга жардам берген штатсыз иснпекторго чогулткан акчанын 15 пайызы эмгек акы катары төлөнүп берилсин.
5. Жайыт комиттетинин бюджетинин бир статья боюнча так жана толуугу менен аткарылуусун камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин финансы жана бюджет маселелери боюнча турутуу маселелери комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |