Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-июну №20/4
Алай районунун "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Гүлчө айыл округунун ардагери Котлобаев Минулла Хусаиновичке, ДЭП-959 мекемесинин жетекчиси Маткасымов Медербек Айпидиновичке, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Кайназаров Темир Ташиевичке, райондук ички иштер бөлүмүнүн адиси Абдираимов Абдибекке Алай районунун "Ардактуу атуулу" наамы берилсин.
2. Алай районунун "Ардактуу атуулу" наамы берилген атуулдарга берилүүчү иш кагаздарды даярдоо райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кеңештин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков
|