Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 8-6
Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Толойкон айылындагы балдар
бакчасын капиталдык ремонттон чыгарууга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевдин Толойкон айылындагы балдар бакчасын капиталдык ремонттоого уруксат берүү жана үлүштүк каржылоону бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Толойкон айылындагы балдар бакчасын капиталдык ремонттон чыгарууга уруксат берилсин.
2. 10%дык—320000 (үч жүз жыйырма мин) сом үлүштүк акча каражаты Мангыт айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевге тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |