Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 12-14
Мангыт айыл өкмөтүнүн 2014-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөтүнүн соц.экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылга индикативдик планынын божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, сунуш кылынып, айылдык кенештин туруктуу комиссияда каралып,2014-жылдагы айылдык бюджетине киреще жана чыгашалар боюнча 1-жарым жылдыкка түзүлгөн сметасына кошумча жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү ФЭБ бөлүмүнүн сунушун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы 6 ай ичинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери бекитилген планына кошумча 226,1 мин сом артыкчылыгы менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылдыгына айылдык бюджеттин кошумча чыгаша каражаттары № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин. (тиркеме тиркелет).
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |