Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-ноябры № 13-17
Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жерлерди турак-жай аянттарына которуу
жана трансформациялоого даярдоо жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши айыл өкмөтүндөгү Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жерлерди турак-жай аянттарына которуу жана трансформациялоого даярдоо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Трансформацияланган жер аянттарын турак-жайга муктаж үй-бүлөлөргө берүү ишин уюштуруу айылдардын жана айыл өкмөтүнүн турак-жай берүү комиссиясы менен биргеликте чечүү иши милдеттендирилсин.
3. Трансформацияланган жер аянттарын турак-жайга муктаж үй-бүлөлөргө берүү ишин 2014-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |