Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели №81
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин IV чакырылган ХХVI- кезектеги сессиясы «Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматты угуп, жана аны ар тараптан талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин ХХVI- кезектеги сессиясынын кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнө 2011-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан жеткирилген бюджетинин киреше бөлүгү 123,4 % аткарылып, каралган пландан ашыкча 580940 сомго, анын ичинен атайын каражаттар 50900 сомго көп жыйналгандыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнө 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган бюджети кабыл алынсын.
3. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнө К.Р. Финансы Министрлиги тарабынан 2012-жылга жеткирилип бюджетинин киреше боюнча 33554,9 миң сом ( анын ичинен жергиликтүү бюджети 2913,2 миң сом, анын ичинен 30,0 миң сом атайын каражаттар) өлчөмүндө бекитилсин.
Билим берүү тармагына – 28980,3 миң сом
Мам.кызмат тармагына – 3578,4 миң сом
Маданият тармагына – 430,5 миң сом
Айыл чарба тармагына – 277,4 миң сом
ЖКХ – 288,3 миң сом
Атайын каражаттар – 30,0 сом
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Өкмөттүн башчысы Б.Б. Алайчиев айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү ФЭБ-нүн башчысы – башкы бухгалтер А. Араповко милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Авазов |