Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-январы № 18-2
Айыл өкмөттөгү үй-жайга муктаж жарандарды аныктоо
боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт,Төлөйкөн,Кесек,Жаны-Арык,Кызыл-Коргон айылдарында үй-жайга муктаж жарандарды аныктоо боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарда сунушталган комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндөгү токтомдорун карап жана талкуулап төмөндөгөдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мангыт,Төлөйкөн,Кесек,Жаны-Арык,Кызыл-Коргон айылдарында үй-жайга муктаж жарандарды аныктоо боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарда сунушталган комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндөгү токтомдору көнүлгө алынсын.
2.Айыл Өкмөттөн үй-жай салуу үчүн жер участкасын сурап катталган тургундардын арыздарын карап чыгып,арыз ээлеринин тамаркалары бар ,же жоктугун,аларга мүмкүн ,же мүмкүн эместигин аныктоо,өз чогулуштарынын токтому менен тамарка бериле тургандардын тизмесин айыл өкмөткө сунуштоо үчүн ар бир айылда комиссиянын курамы түзүлсүн (тизме тиркелет).
3.Үй-жай берүү комиссиясына КРнын Мыйзамынын негизинде иш жүргүзүөсү сунуш кылынсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |