Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-январы № 18-4
Мангыт айыл өкмөтүнүн борборуна жана айылдардын борборлоруна
Генплан иштеп чыгууга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл өкмөтүнүн борборундагы эски мыйзамсыз курулган соода дүкөндөрүн иретке келтирүү жана жаныдан курулуучу соода дүкөндөрү үчүн генплан иштеп чыгуу максатында айыл өкмөтүнүн сунушун талкуулап токтом кылат:
1.Айылдык округдун борборуна жана айылдарга генплан иштеп чыгууга уруксат берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн генпланы иштелгенден кийин борбордук көчөлөргө курулуш сызыгы менен кызыл сызыктын ортосуна эл жүрүүчү жол(тротуар ) ачуу колго алынсын.
3.Айыл өкмөтүнүн борборуна жана айылдарга генплан иштеп чыгууну Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |