Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-январы № 19-7
Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2011-жылга бюджетинин аткарылышы
жана 2012-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Араван районунун Мангыт айылдык Кенешинин депутаттарынын 19-сессиясы жайыт комитетинин төрагасынын 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышынын киреше бөлүгү 177800 ( Бир жүз жетимиш жети мин сегиз жүз) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 166800( Бир жүз алтымыш алты мин сегиз жүз) сомго бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунушталгандары бекитилсин.
-2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
-Ири мүйүздүү малдын бир башы үчүн -170 сом
-Кой, эчкилердин бир башы үчүн -34 сом
-Жылкынын бир башы үчүн -170 сом
Кирешелер жана чыгашалар сметасы биринчи тиркемеге ылайык ( 1- тиркеме тиркелет) бекитилсин.
3. Жайыт жерлерине картошка эгүү, бак –барак тигүү катары пайдаланган жерлерге жайыт салыгы 1 сотых жерге 50 ( элүү ) сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Мангыт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн (2070 га х 12 сом 70 тыйын =26300 сом жер салыгы жыйналсын).
5. Отундун 1 кубунун акчасы 600 сом, бал челекке бир ящикке 30 сом, 1 га чөп жайытка 1000 сом төлөө бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Батыровго жүктөлсүн.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |