Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели №83
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2011-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2012-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чараларын бекитүү жөнүндөгү айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Сопуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин IV чакырылган ХХVI- кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2012-жылы аткарыла турган социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралары бекитилсин.
2. Иш-чаралардын аткарылышы боюнча ар квартал сайын депутаттарга билдирүү берилсин.
3. Бекитилген иш-чаранын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл Өкмөттүн башчысынын орун басары К. Сопуевке жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Авазов |