Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 20-13
Мангыт айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Мүрөк суу” жана “Төлөйкөн” таза суу комитеттерин айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндө
Депутаттар күн тартибиндеги бул эки маселени – Мангыт айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мүрөк суу” жана “Төлөйкөн”таза суу комитеттерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндөгү Н.Токтоматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мүрөк суу” жана “Төлөйкөн ” таза суу комитеттери айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндөгү Н.Токтоматовдун билдирүүсү көнүлгө алынсын жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мүрөк суу” жана “Төлөйкөн ” таза суу комитеттери айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлсүн.
2. Өткөрүлүп берилген бул суу комитеттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн жана элди таза суу менен камсыз болуусун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |