Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 20-14
Мангыт айылдык окуругунун 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жана
2012-жылга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Мангыт айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл округунун 2012-жылга айылдык бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 24408,4 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Мангыт айыл округунун 2013-2014-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн категориалдык грант боюнча божомол 2013-жылга 19157,2 мин.сом, 2014-жылга 19157,2 мин сом суммасында, ал эми тендештирүүчү грант боюнча божомол 2013-жылга 3048.0 мин сом, 2014-жылга 3048,0 мин сом суммасында 2013-2014-жылдарга жатктырылган айылдык бюджеттин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкретүү жылда тактоого алынсын.
3. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2012-жылга айылдык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айылдык бюджеттин 2012-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгы 193,4 мин сом, акча каражаттарынын пайдалануусу № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу,бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |