Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2012-жылдын 12-июлу № 21-19
Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айылындагы балдар бакчасынын
чатырын жабуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Депутаттардын айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасынын чатырын жабуу үчүн жазылган сммета-проектинин суммасы жөнүндө өкмөттүн башчысынын билдиүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасынын чатырын жабууга уруксат берилсин.
2. Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айылындагы балдар бакчасынын чатырын жабуу үчүн жазылган проекттин сметасынын 10% дык 300000(үч жүз мин)сом үлүштүк акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүм башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |