Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXII сессиясы
2012-жылдын 1-октябры № 22-23
Айыл өкмөтүнө караштуу автогараждын ичине кышкы спорт зал жана
жайкы ачык спорт аянтчасын кууруга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенешинин Мангыт айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл өкмөтүнүн борборундагы эски автогараждын ичиндеги жер аянтына кышкы спорт зал жана жайкы ачык спорт аянтчасын кууруга уруксат берүүнү сураган сунушун талкуулап токтом кылат:
Айыл өкмөтүнө караштуу автогараждын ичине кышкы спорт зал жана жайкы ачык спорт аянтчасын кууруга уруксат берилсин.
2.Автогараждын ичинен кышкы спорт зал жана жайкы ачык спорт аянтчасына тиешелүү жер тилкеси ажыратуу жана анын генпланын иштеп чыгуу Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3.Автогараждын жер аянтына тийиштүү докуметтерди даярдап, аны каттап ГОСакты берүү жагы Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча башкармылыгынан суралсын.
4. Жогорудагы аткарылуучу жумуштарга жумшалуучу акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык маселелер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |