Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVIII сессиясы
2012-жылдын 1-апрели № 22-24
Мангыт айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бекитилген симетасынын
киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жөнүндө
Мангыт айылдык кенеши айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2012-жылга индикативдик планынын божомолуна 2012-жылдын 20-сентябрындагы Араван райондук мамлекеттик администрациясынын № 102 “Билим берүү мекемелеринин 2012-2013-окуу жылынын окуутулучу сабактарынын санын бекитүү ” жөнүндө токтомунун негизинде кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, сунуш кылынып айылдык кенештин туруктуу комиссиясында каралып,2012-жылдагы айылдык бюджетине билим берүү бөлүмүнүн жалпы жыл ичиндеги киреше жана чыгашалар боюнча жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн кирешелер жана чыгашалар боюнча 1V-кварталындагы түзүлгөн сметасына кошумча толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүндөгү башталгыч мектеби орто мектепке кошулуп жана толук эмес орто мектеби орто мектепке айландырылгандыгына байланыштуу толук эмес орто жана башталгыч мектептин бекитилген чыгашалар жана кирешелери орто мектеп деп бириктирилсин.
2. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы 1V квартал ичинде мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн үнөмдөлгөн статьяларын азыркы учурда жетишсиз статьяларга жылдырууга уруксат берилсин. ( №1 тиркемеге ылайык).
3. Келечек балдар бакчасынын тамак аш продуктылары боюнча чыгымдалышы № 2-тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |