Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVI сессиясы
2011-жылдын 7-апрели № 16-2
Мангыт айылдык округунун 2009-2010-жылдардын бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Мангыт айыл округунун финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан айылдын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2011-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып , айылдык кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылган 2009-2010-жылдардын бюджетинин аткарылышы,2011-жылга айылдык округунун бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Мангыт айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылдык округунун 2011-жылга айылдык бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 10372,4 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Мангыт айылдык округунун 2012-2013-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн категориялык грант боюнча божомол 2012-жылга 6216,4, мин сом, 2013-жылга 6216, 4 мин суммасында, ал эми тендештирүүчү грант боюнча божомол 2012-жылга 3025,5 мин сом, 2013-жылга 3155,0 мин сом суммасында 2012-2013-жылдарга жактырылган айылдык бюджеттин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын.
3. Мангыт айылдык округунун 2011-жылга айылдык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар № 1- тиркемеге ылайык белгиленсин .
4.Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( Эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр тамактануу жана женилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Мангыт айылдык округунун каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5.Айылдык кенештин туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу, бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |