Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVII сессиясы
2011-жылдын 11-августу № 17-7
Мангыт айылдык округуна берилип жаткан Нурабад айылдык округунун аймагынан 4,19 гектар жанаТепе-Коргон айылдык округунун аймагынан 9 гектар жерди айылдык округдун балансасына өткөрүү жөнүндө
Мангыт айыл округуна берилип жаткан Нурабад айылдык округунун аймагынан 4,19 гектар жана Тепе -Коргон айылдык округунун аймагынан 9 гектар жерди айылдык округдун балансасына өткөрүп алуу жана өткөрүп алынган жерлер үчүн Нурабад жана Тепе-Коргон айылдык округдарына ынгайлуу болгон башка жерден толуктап берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Мангыт айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурабад айылдык кенешинин 1.04.2011-жылдагы Нурабад айылдык округунун аймагынан 4,19 гектар жерди Мангыт айылдык округуна өткөрүп берүү жөнүндөгү №230-4 токтому, Тепе-Коргон айылдык округунун аймагынан 9 гектар жерди Мангыт айылдык округунун балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү 06.04.2011-жылдагы № 4- токтому жана бул токтомдорду бекиткен Араван райондук кенешинин 3.06.2011-жылдагы № 14-4 токтомдорунун негизинде Нурабад айылдык округунун аймагынан 4,19 гектар жана Тепе-Коргон айылдык округунун аймагынан 9 гектар жер аянттары Мангыт айылдык округунун балансасына өткөрүп алынсын.
2. Өткөрүп алган жер аянттарынын ордуна Нурабад жана Тепе-Коргон айылдык округдарына ынгайлуу болгон башка жерден толуктап берилсин.
3. Ушул чечимди аткаруу милдети айылдык округдун башчысы А.Батыровго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |