Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XVII сессиясы
2011-жылдын 7-апрели № 17-7
Мангыт айылдык округунун “Ак-Шар” участкасынын Мангыт, Араван авто жолунун төрт көчө кесилишинин он тарабынан 800 чарчы метр жер аянтына автоунааларды күйүүчү май менен камсыз кылуучу станция курууга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык кенеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган, Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан берилген корутундуларды карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5.04.2004-жылдагы № 54-токтомунун негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылдык округунун “Ак-Шар”участкасынын Мангыт- Араван авто жолунун төрт көчө кесилишинин он тарабынан 800 чарчы метр жер аянтына автоунааларды күйүүчү май менен камсыз кылуучу жеке менчик станция курууга уруксат берилсин.
2. 800 чарчы метр жер аянтына курулуучу станциянын курулушу жөнүндө басма сөзгө жарыя берүү жана курулушту курууга талапкерлер ортосунда конкурс өткөрүү жана женүүчүнү аныктоо Мангыт айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин социалдык маселелер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Малаев |