Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели №84
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн 2012-жылы айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин жаңы төрагасы Жолдошов Амангелдинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин IV чакырылган ХХVI- кезектеги сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2012-2016 – жылдарга карата жайытты пайдалануу боюнча түзүлгөн иш-чарасы бекитилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Жолдошов Амангелдинин жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
3. 2012-жылга к арата жайыт комитетинин киреше бөлүгү 435499 сом, чыгаша бөлүгү 435499 сом болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Каңдыбаевке жана жайыт комитетинин төрагасы А. Жолдошовко жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Авазов |