Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-6
Кыргыз Республикасынын статистика башкармалыгы тарабынан катталбай калган Гулистан айыл аймагындагы айылдарга “айыл” статусун берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2015-жылдын 1-январына карата 18 500 адам жашайт. Кыргыз Республикасынын статистика башкармалыгы тарабынан айыл аймагында 2 айыл катталган:
Фрунзе жана Гулистан айылдары. Гулистан айылында 2015-жылдын 1-январына карата 6 056 адам, Фрунзе айылында болсо 12 444 адам жашайт. Фрунзе айылы деп катталып келген айылда
Кызыл Сай, Беш Коргон, Чоң Кыштоо айылдары бар. Бул айылдардын айыл өкмөтүнөн
алыстыгы 10 км.дан 30 км.гача түзөт. Бул айылдар өз учурунда статистика башкармалыгы
тарабынан каттодон өткөрүлбөй калган. Жогорудагы айылдарга айыл статусу берилбегендиги айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнө, алардын инфраструктурасын жакшыртууга жана маалымат кызматтарын көрсөтүүгө терс таасирин көрсөтүүдө. Бул маселе илгери шайланган депутаттар тарабынан дагы көтөрүлгөн, бирок оң тарапка чечилбей келүүдө.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын
“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы айылдардын социалдык-экономикалык онүгүүсүн камсыз кылуу максатында Беш Коргон, Чоң Кыштоо, Кызыл Сай, Таштак айылдарына “айыл” статусун берүү тийиштүү мамлекеттик органдарга сунушталсын.
2. Жогорудагы айылдарга “айыл” статусу берүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |