Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-7
Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга
жана мекеме-ишканаларга таштанды
жыйымын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардан жана аймактагы мекеме-ишканалардан таштанды жыйымынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгү маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга таштанды жыйымы 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы мекеме-ишканалардан өндүрүүлүчү таштанды жыйымы иш ордуна карата 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |