Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели №85
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кара-Терек» айылынын тургундарына жер көчкүгө байланыштуу «Кочкор-Ата» айылынан турак жай салуу үчүн жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн «Кара-Терек» айылынын тургундарынын 20-декабрь 2011-жылдагы арыздарынын, К.Р-нын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин 29-март 2012-жылдагы № 48 –корутундусунун негизинде жер көчкүдөн коопсуз жерге жайгаштыруу максатында айылдык кеңештин Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин IV чакырылган ХХVI- кезектеги сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн «Кара-Терек» айылынын тургундарынын 15 тургунуна жер көчкүдөн коопсуз жерге жайгаштыруу максатында «Кочкор-Ата» айылынан жеке турак жай куруу үчүн жалпысы 3,0 га жер аянты, ар бир тургунга 0,15 га өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөттүн айыл-чарба бөлүмүнө (З. Осмонов) милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан (Сатыбалдыев А.) жер участогун бөлүп берүү, курулуш жерине тиешелүү документтерин даярдап жана курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө жагы.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Авазов |