Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-9
Гулистан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусун жерлерин ижара мөөнөтүн жана
башталгыч баасын бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү № 4 токтомун көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү 2015-жылдын 5-январындагы № 4 токтому бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү 2015-жылдан баштап 5 жыл мөөнөткө белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара акысынын өлчөмү жердин түшүмдүүлүгүнө карап, Гулистан айылындагы жерлердин ижара акысынын башталгыч баасы 10 миң сомдон, Фрунзе айылындагы жерлердин ижара акысынын башталгыч баасы 4 миң сомдон деп белгиленсин.
4. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү” токтомунун негизинде иш жүргүзсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин авйыл чарба, курулуш, өнөр жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |