Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-10
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-декабрындагы Жарлыгын
турмушка ашыруу максатында юридикалык жер салыгын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогрудагы Жарлыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экономикасынын өнүктүрүү максатында юридикалык жер салыгын үч эсеге чейин көтөрүү сунушталган. Айыл чарба багытындагы жерлердин ставкалары көп жылдардан бери өзгөрүүсүз келе жаткандыгы белгилүү. Бул маселе айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесында көрүп чыгылды жана айыл чарба багытындагы жерлердин ставкалары жерлердин банитетин аныктап чыгып, ошонун негизинде салык ставкасын белгилөөнү сунуштады.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-декабрындагы Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын..
2. Айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыгы жердин банитетине карап 1,5 эседен 2,5 эсегечейин көтөрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыктарын ставкаларын жердин банитетинин негизинде жогорулатуу үчүн тийиштүү иш чараларды жүргүзүү Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфрастуктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |