Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-12
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы менен атайын эсеп счетуна
ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы менен атайын эсеп счетуна ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Теремок -Гулистан” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашынан болгон карызы үчүн 58,8 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Теремок Гулистан” балдар бакчасына башка чыгымдарды сатып алуу үчүн 7,7 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кенешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |