Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-13
Гулистан айыл аймагында машруттук
микроавтобустар каттамын жолго коюу жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы катктуу конуштар компактуу жайгашгандыгы себептүү шаар аймагы менен кошулуп кеткен. Ноокат шаар башкаруусунун демилгеси менен шаар аймагында маршруттук микроавтобустар каттамы жолго коюлду. Мындай маршруттук каттамдарды айыл аймагыбызда да жолго коюу боюнча тургундарыбыздан арыз жана сунуштар түшкөн.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын тургундарынын транспорттук көйгөйлөрүн чечүү максатында айыл аймагында микроавтобустардын маршруттук каттамына уруксат берилсин.
2. Гулистан айыл аймагында микроавтобустардын жаңы маршуруттарын ачууга уруксат берүү жагы тийиштүү жогоркү органдардан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |