Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 25-марты № XXI-1
Гулистан айыл аймагындагы ЧилиСай дарыясынын боюнда жашоочу элдердин арыздарынын негизиндеэлдердин турак жайларына зыянкелтирүүнүн алдын алуу максатында дарыядан шагал, таш алууга тыюу салуу жөнүндө
Гулистан айыл аймагынан Чили Сай дарыясы өтөт. Чили Сай дарыясы негизинен суу таштоочу сай катарында пайдаланылат. Жагын коп болуп суу көбөйүп кетекенде же башка табыгый кырсыктар болгон учурларда Найман каналынын суусу дарыяга ташталат. Каналдын суусу ташталган учурларда суунун көлөмү көбөйгөнүнөн дарыя боюнда жашоочу элдердин турак жайларына жана улуш жерлерине чоң зыян келтирет. Ошондуктан дарыя боюнда жашоочу элдерден айыл кеңешке, айыл өкмөтүнө дарыядан шагал, таш алууга тыюу салуу жөнүндө арыздар келип түшкөн.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгырп жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чили Сай дарыясынын боюнда жашоочу элдердин турак жайларына жана үлүш жерлерине зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында дарыядан шагал-таш алууга 2015-жылдын аягына чейин тыюу салынсын.
2. Өз башымчалык менен дарыядан шагалташ алган жарандарга мыйзам чегинде жазана колдонуу үчүн лардын иштери тийиштүү органдарга өткөрүп берилсин.
3. Чили Сай дарыясынан шагал-таш алууга тыюу салуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин:
1. У.Мирзакулов-айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. А.Расулов- айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орунбасары.
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. Ш.Гафаров-айыл кеңешинин депутаты.
4. Ш.Журабаев- милициянын участкалык инспектору.
5. М.Мусаев-айыл кеңешинин депутаты.
6. М.Режабалиев- “АСИР” СПА сынын жетекчиси.
7. Т.Тойчиев-айыл кеңешинин депутаты.
8. И.Айбашов- айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары
9. А.Мусурманкулов -айыл кеңешинин төрагасынын орунбасары.
10. Өзгөчө кырдаал, сел жана башка табыгый кырсыктар болгон учурларда дарыянын нугун тегиздөө, дамбаларды тазалоо, жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү “АСИР” СПА сына тапшырылсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш,өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |