Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 25-марты № XXI-2
Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин алдында 4 туруктуу иштөөчү комиссиялар түзүлгөн. 3 комиссияга 5 тен депутат, 1 комиссияга 4 депутат мүчө болуп кирген. Комиссиялар жыл башында кабыл алынган иш пландардын негизинде иш жүргүзүшөт. Туруктуу комиссиялардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жана депутаттардын жеке кайрылууларын эсепке алып, туруктуу комиссялардын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизүү сунушталууда.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, айыл кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жана айрым депутаттардын жеке кайрылууларын эсепке алып, туруктуу комиссиялардын курамына төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча иштөөчү туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Б.Мирзаев жана Х.Мамажановтор социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына өткөрүлсүн.
3. Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Т.Тойчиев жана Х.Хасановтор айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |