Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 12-майы № XXII-1
Гулистан айылдык аймагынын 2015-жылдын I-кварталындагы социалдык
экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планы айыл кеңешинин 2013-жылдын 22-мартындагы 3-сессиясында Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде бекитилген. Айыл өкмөтү ички-тышкы ресурстарын жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн 2014-жылда курулушу аякталбай калган социалдык объекттерди эсепке алып, жумушчу топ тарабынан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киритилип, айыл кеңештин 2015-жылдын 15-февралындагы сессиясында бекитилди.
Гулистан айылдык округунун туруктуу комиссиясы айыл аймагынын 2015-жылдын I-кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткарылышын көрүп чыкты. Айыл өкмөтүнүн жалпы бюджетин аткарылышы 2 млн. 543,3 миң сом пландаштырылган болсо, аткарылганы 3 млң 90 миң 544 сомду түзгөн. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышын 2014-жылдын I-кварталында пландаштырылганы 1 млн. 511 миң сом болсо, аткарылганы 1 млн 816,964 миң сомду түзүп, 102 пайызга аткарылган. 332 миң сом көп киреше жыйналган. Жапы план аткарылгандыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешесинин негизин түзгөн 9 түр салыктар боюнча 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң сом аз акча жыйналган.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 2015-жылдын I-кварталында социалдык экономикалык өнүгүү программасынын негизинде аткарылган иштерди кемчиликтерин белгилөө менен канааттандыралы деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнө :
-айыл аймагынын 2015-жылдын II-кварталындагы социалдык экономикалык өнүгүү программасын аткарылышын негизги багыты инвестиция тартууга, элди мобилизациялоо жолу менен социалдык объекттерди оңдоо жана курууга көңүл бурушсун;
-Хужамов атындагы орто мектебинин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын 2015-жылдын 2-кварталында пайдаланууну камсыз кылышсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын (киреше салыгы, мүлк салыгы, сатуудан алынуучу салык) көбөйтүү боюнча атайын иш-чаралар иштеп чыгышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |