Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы “Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № 13-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы “ Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү” № 13-токтомун көрүп чыгып, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү № 0015217- сандуу мамлекеттик актын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2014-жылдын 19-майындагы 79/14 -корутундусунун, Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы “Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогунун максаттык багытын өзгөтүү жөнүндөгү” № 13- токтому бекитилсин.
2. Фрунзе айылынын тургуну Мурзакулова Караматтын жеке менчигинде болгон жер участогун максаттык багшытын “ошол жерде иштөөчү жумушчуларга жашаш үчүн имараттарды куруу” деген бөлүгүн “соода-сатык менен алектенүүчүимараттарды куруу”деп өзгөртүп, төмөндөгүдөй: жер участогун максаттык багытын айыл чарба жемиштерин кайра иштетүүчү ишканалар, айыл чарба жемиштерин сактоочу кампалар жана соодо-сатык менен алектенүүчү имараттарды куруу деп белгиленсин.
3. Атуул Мурзакулова Караматтын жеке менчигиндеги жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |