Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдыындагы конкурстук комиссиясынын 2015-жылдын 4-апрелиндеги“Айыл аймагындагы артыкчалыктуу көйгөйлүү маселелер боюнча” чечимин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан Гулистан айыл аймагындагы социалдык жана инфраструктура түзүмдөрүндөгү артыкчалыктуу көйгөйлүү маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 2015-жылдын 4-апрелиндеги чечимин карап чыкты. Конкурсттук комиссия тарабынан айыл аймагындагы артыкчалыктуу көйгөйлүү иштер туура тандалгандыгын белгилеп, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 2015-жылдын 4-апрелиндеги “Айыл аймагындагы артыкчылыктуу көйгөйлүү маселелерди айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга стратегиялык планына киритүү боюнча” чечими бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясы тарабынан артыкчалыктуу көйгөйлүү иштер айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга стратегиялык планына киритилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |