Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 13-январындагы № 1, 2014-жылдын 5-мартындагы № 24, 2014-жылдын 5-мартындагы № 25 токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 1- токтомунда Беш Коргон айылынын тургуну А.Маллаевдин арызынын негизинде Беш Коргон айылындагы автоунаа жолунун четинен контейнер коюу үчүн жер аянтын ажыратып берилген. Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун прокуратурасы 2015-жылдын 24-апрелинде каршылык билдирүү (протест) берген.
Ноокат районунун прокуратурасынын протестинде көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29 ст. талабына ылайык, ыйгарым укутуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жер участогунун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет деп көрсөтүлгөнүнө карабастан, тескерисинче аталган талап өдөнө түрдө бузулган.
Ошондой эле, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укутарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571-токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Жобонун талаптары дагы бүзүлган.
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы № 24- токтомунда Гулистан айыл өкмөтүнүн тургуну Р.Абдукадировдун арызынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаров Гулистан айыл аймагынын Гулистан участкасынан өздөштүрүү үчүн 1,5 га жер аянтын Р.Абдукадировго 7 жылдык мөөнөткө ижара келишимдин негизинде бекитип берген. Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун прокуратурасы 2015-жылдын 24-апрелинде каршылык билдирүү (протест) берген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 11-пунктунун талабына ылайык, каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу (тескөө) компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация “ошол жер участогунун укуктук абалы жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берген маалыматты жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик добоорлоо институтунун кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын түшүмдүүлүгүнүн сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде гана тийиштүү чечим чыгарат” деп баса көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, тескерисинче эч кандай тастыктоочу жана тиешелүү документтерсиз эле токтом чыгарган.
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы № 25- токтомунда Гулистан айыл өкмөтүнүн тургуну А.Абдукадировдун арызынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаров Гулистан айыл аймагынын “Кочкор Ата” участкасынан өздөштүрүү үчүн 1,5 га жер аянтын А.Абдукадировго 7 жылдык мөөнөткө ижара келишимдин негизинде бекитип берген. Бул токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы жана аны жокко чыгаруу жөнүндө Ноокат районунун прокуратурасы 2015-жылдын 24-апрелинде каршылык билдирүү (протест) берген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн таотиби жөнүндөгү” Жобонун 11-пунктунун талабына ылайык, каралып жаткан жер участогун берүү же башкаруу (тескөө) компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация “ошол жер участогунун укуктук абалы жөнүндө жергиликтүү каттоо органы берген маалыматты жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Кыргызгипрозем” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик добоорлоо институтунун кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын түшүмдүүлүгүнүн сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусунун негизинде гана тийиштүү чечим чыгарат” деп баса көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, тескерисинче эч кандай тастыктоочу жана тиешелүү джокументтерсиз эле токтом чыгарган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезекситз ХХ11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 13-январындагы № 1, 2014-жылдын 5-мартындагы № 24, 2014-жылдын 5-мартындагы № 25 токтомдору мыйзам бузуучулук менен кабыл алынгандыгына байланыштуу бузулуп, жокко чыгарылсын.
2. Токтом кабыл алууда мыйзам бузуучулукка жол койгон айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине тийиштүү чара көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |