Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-майындагы №75 сураныч каты жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн жогорудагы катында айыл аймагынын Гулистан кичи базарынын аймагынын күн батыш тарабынан сел өткөрүүчү канал өткөн. Канал жакасындагы муниципалдык менчик эсебиндеги жер аянттарына курулуш куруу же болбосо убактылуу контейнер коюуп пайдаланууга арендага берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн тургундары арыз менен кайрылышкан. Бул маселе айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссисында карап чыгылды жана айыл кеңештин сессиясына сунуш берилди. Туруктуу комиссиянын заседниесы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде каналдын жакасы коопсуздук (защитная) зонасы болуп эсептелгенине байланыштуу курулуш курууга же контейнер орнотууга мүмкүн эместиги жөнүндө токтом кабыл алып, тийиштүү сунуш берген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча бшкармалыгынын 2015-жылдын 8-майындагы № 71-билдирүүсүнүн негизинде Гулистан айыл аймагыныдагы Гулистан кичи базарынын күн батыш тарабындагы сел өткөрүүчү канал жакасы коопсуздук зонасы (зашитная зона) экендигин эсепке алып курулуш курууга же убактылуу контейнер коюуга тыюу салынсын.
2. Аталган сел өткөрүүчү каналдын коопсуздук зонасынын чек араларынын тактап, курулуш ченеми жана эрежелерин бузууга жол койгондорго тийиштүү жазана колдонуу айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
| Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы И.Ташматовко |
Гулистан айыл аймагындагы Гулистан кичи базарын алдындагы сел түшө турган каналдын жакасында айрым ишкерлер контейнер коюуга курулуш кылганы уруксат сурашып жатат. Бул маселени мыйзамдуулугун карап корутунду берүүнү Райондун МЧС бөлүмүнө жана архитектура бөлүмүнөн суралган. Райондун МЧС бөлүмү сел түшө турган каналдын жакасына контейнер коюууга корутунду берген. Архитектура бөлүмү сел түшө турган каналдын жакасы коопсуздук зонасы болуп эсептелгендигине байланыштуу эч кандай курулуш курууга жана контейнер орнотууга болбойт деп кат берген. Ошол маселени айылдык кенеши сессиясында мыйзамдуулугун карап берүүнү суранамын.