Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-7
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы “Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын жеке менчигинде болгон жер участогуна пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана имаратын курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу” № 19- токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы “ Гулистан айыл аймагынын тургуну Арипжонов Рахимжондын менчигинде болгон жер участогунун пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү “Ч” № 0039031 сандуу мамлекеттик актын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2015-жылдын 13-майындагы № 77/15 -корутундусунун, Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы “Гулистан айыл аймагынын тургуну атуул Арипжонов Рахимжондын жеке менчигинде болгон жер участогунун пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу” № 19- токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы атуул Арипжонов Рахимжондын жеке менчигиндеги 612,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, чайкана курууга уруксат берилсин.
3. Атуул Арипжонов Рахимжондын жеке менчигиндеги соода-сатык сатуучу дүкөн куруу үчүн сатып алган жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп , чайкана курууга уруксат берүү жөнүндө тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |