Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-9
Гулистан айыл аймагындагы маданият үйүндө жана борбордук стадионунда спорттук мелдештерди, концерттик программаларды, жолугушуу жана башка массалык оюн-зоокторду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде маданият үйү жана борбордук стадион бар. Борбордук стадионду жана маданият үйүн жакшы абалда сактоо максатында айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, тийиштүү тазалоо, калыбына келтирүү иштери аткарылып келүүдө. Бирок аталган массалык иш чараларга болжолдолгон объектилерден эч кандай киреше болгон эмес. Андан тышкары өткөрүлүп жаткан оюн-зоокторго, концерттик программаларга, жолугушуларга жооптуу адам бекитилбейт. Эч кандай келишим түзүлбөйт.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Кыргыз Респуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде жана муниципалдык менчиктен максатту пайдалануу үчүн Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги борбордук стадиондон жана маданият үйүнөн туура пайдаланууну жолго коюу максатында аталган объектилер тийиштүү келишимдин негизинде гана пайдаланууга берилсин.
2. Массалык иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо иш чараларды уюштуруучуларына тапшырылсын.
3. Айыл аймагында өткөрүүлүчү массалык иш чараларды тартиптүү өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин соцциалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |