Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № XI-2
Гулистан айылдык округунун 2014-жылдын I-кварталындагы социалдык
экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү айыл кеңешинин 2013-жылдын 22-мартындагы 3-сессиясында Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде бекитилген. Айыл өкмөтү ички-тышкы ресурстарын жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн 2013-жылда курулушу аякталбай калган социалдык объекттерди эсепке алып, жумушчу топ тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киритилип, айыл кеңештин 2014-жылдын 10-февралындагы сессиясында бекитилди.
Гулистан айылдык округунун туруктуу комиссиясы айыл аймагынын 2014-жылдын I-кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткарылышын көрүп чыкты. Айыл өкмөтиүнүн жалпы бюджетин аткарылышы 2 млн.828 миң сом пландаштырылган болсо, аткарылганы 2 млң 874 миң 625 сомду түзгөн. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышын 2014-жылдын I-кварталында пландаштырылганы 1 млн. 702 миң сом болсо, аткарылганы 1 млн 749 миң сомду түзүп, 102 пайызга аткарылган. 47 миң сом көп киреше жыйналган. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кирешеси 2013-жылдын 1-кварталында 1 млн 329 миң болгон, ушул мезгилге салыштырмалуу 30 пайыз өсүү камсыз кылынды.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2014-жылда I-кварталында социалдык экономикалык өнүгүү программасын негизинде аткарылган иштерди кемчиликтерин белгилөө менен канааттандыралы деп белгиленсин.
2. Айылдык округуна ;
-Айылдык округунун 2014-жылдын II-кварталындагы социалдык экономикалык өнүгүү программасын аткарылышын негизги багыты инвестиция тартууга, элди мобилизациялоо жолу менен социалдык объекттерди оңдоо жана курууга көңүл бурушсун.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү боюнча атайын иш- чаралар иштеп чыгышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |