Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № XI-6
Гулистан айыл аймагынын “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2013-жылдагы аткарган иштери жана 2014-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2013-жылга бюджети 1007353 сомго бекитилген. Болжолдолгон бюджеттин көпчүлүк бөлүмдөрү аткарылган. Суу акы төлөмдөрү, соц фонд төлөмдөрү толугу менен төлөнгөн. Ички каналдарды өңдөөгө 66 850 сом иштетилген. Насыя төлөмдөрү болжолдолгонго карата 65 000 сом төлөнгөн. 2014-жылдын 1-январына карата суу пайдалануучулардын дебитордук карызы 295 000 сомду түзгөн. Айыл өкмөтү “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2014-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин Х-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТ М КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2013-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2014-жылдын 6-мартындагы № 1-протоколу бекитилсин.
3. Гулистан айыл аймагынын “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2014-жылга бюджети 1 миллион 100 миң болуп бекитилсин. Сугат сууга көрсөткөн кызмат акы 1 га жер аянтына 1000 сом , тамарка үчүн жылына 100 сом деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |