Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 16-июнундагы № XIII-1
Гулистан айыл аймагындагы жаңы коңуштардагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2006-жылы калктуу конуштарды кеңейтуу максатында жарандарга турак жай куруу үчүн жер участкалары берилген. Азыркы күнгө келип жарандарыбыз жаңы участкаларга турак жай куруп, көчүп чыгышкан. Аларга көчөнүн аты жоктугу кыйынчылыктар алып келүүдө. Айрыкча медицина мекемелерине, билим берүү мекемелерине, почта, телеграф мекемелерине, жеке документтерди алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жаңыдан уюшулган көчөлөрдүн тургундары өздөрүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча арызданышкан. Ошондуктан Гулистан, Кызыл Сай, Бостон участкаларында жаңыдан уюшулган көчөлөргө ысым ыйгаруу керек. Бул маселе айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясында каралып тийиштүү сунуштар берилген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынданы Гулистан, Кызыл Сай, Бостон айылдарындагы жаңыдан уюшулган көчөлөргө төмөнкүчө ысымдар ыйгарылсын:
2. А) Гулистан айылы боюнча:
1) Жаңы конушта уюшулган 2-көчөгө “Жаңы Чек-2” наамы ыйгарылсын;
2) Г.Гулям мектебинен Бостон айылына баруучу көчөгө “Төрөназаров-2” наамы ыйгарылсын.
Б) Кызыл Сай айылы боюнча:
1) Тытзар участкасындагы Мазардан Дамин Ата көчөсүнө чыгуучу көчөгө “Жаштык” наамы ыйгрылсын;
2) Кызыл Сай айылынын Тытзар участкасындагы Мазардан Дамин Ата көчөсүнө чыгуучу экинчи көчөгө “Жаштык-2” наамы ыйгарылсын;
3) Х.Халбаев көчөсүнөн күн батыш тарапка чыгуучу көчөгө “Тытзар” наамы ыйгарылсын.
В) Бостон айылынын боюнча:
1) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 1-көчөгө “Жаңгак теги-1” наамы ыйгарылсын;
2) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 2-көчөгө “Жаңгак теги-2” наамы ыйгарылсын;
3) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 3-көчөгө “Жаңгак теги-3” наамы ыйгарылсын;
4) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 4-көчөгө “Жаңгак теги-4” наамы ыйгарылсын;
5) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 5-көчөгө “Жаңгак теги-5” наамы ыйгарылсын;
6) Жаңгак теги участкасында жаңыдан уюшулган 6-көчөгө “Жаңгак теги-6” наамы ыйгарылсын;
7) Бостон участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 1-көчөгө “Бостон-1” наамы ыйгарылсын;
8) Бостон участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 2-көчөгө “Бостон-2” наамы ыйгарылсын;
9) Бостон участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 3-көчөгө “Бостон-3” наамы ыйгарылсын;
10) Бостон участкасындагы мазардан күн батыш тарапка чыгарылган 4-көчөгө “Бостон-4” наамы ыйгарылсын;
11) Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 1-көчөгө “Келечек-1” наамы ыйгарылсын;
12) Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 2-көчөгө “Келечек-2” наамы ыйгарылсын;
13) Бостон участкасынын Бостон көчөсүнөн Жаңгак теги участкасына чыгарылган 2-көчөгө “Келечек-2” наамы ыйгарылсын;
3. Жаңыдан наам коюлган көчөлөргө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл Окмөтүнүн ФЭБ башчысын милдетин аткаруучу С.Алимжановго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |