Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 22-августу № XV-1
2014-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
2014- жылдын I жарым жылдыгындаайыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды.
2014- жылды Республикабызда «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» жана облусубузда « Айыл аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү» , ал эми районубузда «Эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана ички ресурстарды пайдаланууну күчөтүү» жылы деп жарыяланган.
2014- жылды айыл өкмөтүнүн «Айлана – чөйрөнү иретке келтирүү жана көрктөндүрүү» жылы деп жарыяланган.
Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген.
Айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 14 (он төрт) долбоор киргизилип, азыркы күндө 12 (он эки) долбоордо иштер жүргүзүлүүдө.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылдын 6 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 31 млн. 590 миң сомду түзөт. Анын ичинен тышкы инвестиция 1млн. 320 миң сом. Жамаатардын эсебинен 18 млн.900 миң сом, жеке ишкерлер эсебинен 9млн. 550 миң сом.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылындагыбюджеттин кирешеси 6млн 752 миң 686 сом, чыгаша бөлүгү 5 млн 199 миң 107 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:
-айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |