Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 22-августу № XV-2
Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдоонун абалы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын августундагы № 31- буйругунун жана Гулистан айыл кеңешинин тапшырмасына ылайык төмөндөгү курамдагы комиссия:
1. Туйчиев Т. -соцмаселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
2. Жороев Р.-соцмаселелер боюнча туруктуу комиссиянын башчысынын орун басары;
3.Тораназаров Ш. -Г. Гулам атындагы орто мектебинин директору, катчысы;
4. Хасанов А. -соцмаселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
5. Гафаров Ш.-ата- энелер комитетинин төрагасы жана Гулистан айыл аймагынын башчысынын орун басары А. Айбашевдин катышуусунда Гулистан айыл аймагындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын түзүлгөн баалоо критерийлеринин негизинде талдоо жүргүзүүдө комиссия тарабынынан төмөндөгүлөр аныкталды:
1. « Чили - Сай» орто мектеби.
1. Утурумдук кезектеги ремонтко Республикалык бюджеттен 28900 сом акча каражаты каралган болсо, анык 28900 сом акча каражаты өздөштүрүлгөн.
2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жок.
3. Демөөрчүлөр тарабынан акча каражаты жок.
4. Ата-энелер тарабынан акча каражаты жок.
2. Р.Хужамов атындагы орто мектеби
1. Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 110 000 сом акча каражаты ажыратылган жана акча каражаттары максаттуу пайдаланылып жатат.
2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жок.
3. Демөөрчүлөр тарабынан берилген жардам 100 000 сомду түздү.
4. Ата-энелердин ыктыярдуу берген жардамы 400 000 сом.
3. Г.Гулам атындагы орто мектеп.
Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 62 500 сом акча каражаты ажыратылган.
Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жок.
Демөөрчүлөр тарабынан 10 000 сомдук жардам көрсөтүлгөн.
Ата-энелер тарабынан жардам берилген эмес.
4. Беш Коргон орто мектеби.
1. Утурумдук кезектеги ремонтко республикалык бюджеттен 15 000 сом акча каражаты ажыратылган.
2. Жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом акча каражаты ажыратылган.
3. Демөөрчүлөр тарабынан 30 000 сомдук жардам көрсөтүлгөн.
4. Ата-энелер тарабынан берилген ыктыярдуу жардам 4 000 сомду түзгөн.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагына караштуу мектептердин 2014-2015- окуу жылына карата даярдык иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Даярдык иши төмөнкүдөй тартипте бааланып өтүлсүн:
1-орунда Р.Хужамов атындагы орто мектеби, 2- орунда Г.Гулам атындагы орто мектеби, 3- орунда Чили-Сай мектеби, 4-орунда Беш-Коргон мектеби.
3. Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча төмөндөгү мектептер белгиленип өтүлсүн:
Р.Хужамов атындагы орто мектебинин кабинеттеринин сапаттуу ремонту, кательныйдын кышка карата даярдыгы, Г.Гулам атындагы орто мектебинин айлана чөйрөсүнүн жана спорт аянтчасынын абалы,спорт инвентарларынын сакталуусу, Чили- Сай орто мектебинин жаңы курулушка көңүлдү күчөйтүүсү, Беш-Коргон мектебинде окуу кааналарынын жакшылыгы, полдордун жаңылануусу.
4. Жаңы окуу жылын жакшы өткөрүү максатында бардык мектеп директорлоруна төмөнкү жумуштарды жыл ичинде ишке ашыруу жүктөтүлсүн:географиялык аянтча жана биологиялык участканан абалын жакшылоо, түзүү.
5. Күз-кыш айларына даярдык боюнча 1-сентябрга чейин Чили-Сай,Беш-Коргон , Г.Гулам атындагы орто мектептеринде жарытуу системасын калыбына келтирүү жүктөтүлсүн.
6. Р.Хужамов атындагы орто мектебинин 2-корпусунун өрткө каршы коопсуздук иштерин жакшыртуу максатында электр тармагы электриктер тарабынан кайра көрүп чыгылсын жана аны ишке ашыруу айылдык аймагына жана ата-энелер комитетине жүктөтүлгөндүгү белгиленип өтүлсүн.
7. Окуучулардын пешин тамагын уюштуруу боюнча Чили-Сай, Беш-Коргон; Г.Гулам атындагы орто мектептеринде окуучулар үчүн кошумча отуруучу орундуктарды уюштуруу 1-сентябрга чейин мектеп директорлорунун жана ата-энелер комитетине жүктөтүлсүн.
8. Мектептерде окуучуларды 100% китеп менен камсыз кылуу максатында изилденүү менен аракет кылып, бул ишке ата-энелерди , коомчулукту тартып, 2014-2015-окуу жылынын башында китеп марафонун өткөрүү мектеп китепканачыларынын, ата-энелер комитетине жүктөтүлсүн.
9. Мектептерди 2014-2015- окуу жылына карата даярдоо максатында Гулистан айыл аймагы бухгалтериясы тарабынан ажыратылган акча каражаты тез аранын ичинде бөлүнүп берилип,мектептерге өткөрүлөп берилиши айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |