Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 25-сентябры № XVI-1
Гулистан айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы
жалпы жыйынынын протокол-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин кезексиз ХV1-сессиясы айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынында каралган маселени көрүп чыкты. Бул жыйында Ноокат районунун борборунда жашоочу тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында коп кабаттуу үйлөр куруу жана канализация инфратүзүлмөсүн куруу зарылчылыгы пайда болгондугу талкууга алынган. Тургундарыбыз бул демилгени толугу менен колдоолорун билдиришкен.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын тургундарынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы жалпы жыйынынын протокол-токтому бекитилсин.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ноокат районунун борборунда канализация куруу боюнча демилгеси толугу менен колдоого алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |