Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 9-октябры № XVII-1
2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү, электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө
Бардыгыбызга белгилүү быйылкы жылда жаан жылдагынан аз болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суудун көлөмү нормадан өтө азайып кеткен. Натыйжада республикабыздын экономика тармактарын жана калкын электр энергисы менен камсыздоодо кыйынчылыктар пайда болууда. Айрыкча кыш мезгилинде бул маселе өтө көйгөулүү проблемаларды алып келуусу мүмкүн. Ошондуктан республикабыздын Өкмөтү кыш мезгилинде элибизди жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында иш чараларды алып барууда. Ушул иш чаралардан бири Республиканын бардык аймактарында белгиленген графиктин негизинде электр энергиясы менен камсыздоо саат 8-00 дан 17-00 го чейин токтотулат. Ар бир үй бүлө электр энергиясынан үнөмдүү пайдаланууга өтүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезексиз ХV11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл аймагындагы бардык мектептерде, балдар бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына бекитилген лимитти сактоону жана жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн кызматчыларына, көчө комитеттеринин мүчөлөрүнө, мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
2. Айыл аймагында электр энеригясынан пайдалануу боюнча бекитилген лимит сакталсын, белгиленген лимиттен ашыкча сарпталган учурда айыл аймагында электр энергиясы кошумча өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
3. Мектептердин, балдар бакчаларын жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлердин колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарды сатып алууну уюштуруу чараларын көрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Жылытуу мезгили башталганга чейин электр энергиясы графиктин негизинде эртен мененки саат 9-00 дөн 16-00 гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирүү айыл башчыларына тапшырылсын.
5. Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пункттарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана көмүрдүн туруктуу баада сатылышынкөзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Райондук электр тармактар ишканасынын жана айыл өкмөтүнүн кызматчылары, мектеп директорлору, имамдар менен бирге электр чубалгыларына тийген бак-дарактардыкесүүнү кыска убакыттын ичинде аякташсын.
7. Ушул токтомду элдин калын катмарына жеткирүү айыл кеңештин депутаттарына. айыл өкмөтүнүн кызматчыларына, көчө комитеттеринин төрагаларына, мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |